ЖУВАЗ
ЖУВАЗ – өсүмдүк уруктарынан май чыгаруучу (май жуваз) ж-а шалы актоочу (ак жуваз) жөнөкөй түзүлүштөгү жабдык. Алгач жуваздардын дөңгөлөгүн бир же эки киши жөө түртүп айландырышкан. Бара-бара ага өгүз, эшек, ат чегиле баштаган. Акырында жуваз тегирмен сыяктуу эле суунун күчү (бара) м-н жүргүзүлгөн. Май жуваздын соку сымал бөлүгү бир же бир нече катуу чулу жыгачтан жасалып, айрымдарынын ичине жука темир капталган. Жуваз чоң соку таштарды чуңкурайта терең оюп да жасалган. Булардын жанчууру (сок билеги) оор келип, анын учу сокунун түбүнө текши тийгендей жалпагыраак жасалып, айрымдарына темир капталган. Жуваз жанчуур кишинин, унаанын же суунун күчү м-н иштеген. Айрым жуваздын жанчууру башкача: кыска ок темирдин эки учуна бекитилген эки чоң дөңгөлөк таш атайы жасалган чоң жалпак таштын үстү м-н дөңгөлөнүп, урукту (данды) жанчып, аралашмага айландырган. Уруктар текши жанчылган соң, абдан салмактуу кыскычтар аркылуу майы бөлүнүп алынган. Ак жуваздын сокусунун түбү май жуваздыкынан да чуңкур жасалган. Сокбилегинин учу май жуваздыкындай текши жалпак эмес, сүйрүрөөк келип, сокусунун түбүнө жете бербегендиктен, шалыны былчыратпай, кабыгын гана түшүрүп, акшакты да аз чыгарган. Жуваз Кыргызстандын түштүк аймактарында колдонулат. Учурда жувазда май тартуу, шалы актоо иштери механикалаштырылган.