ЖУГУШТУУ АНЕМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:17, 11 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУГУШТУУ АНЕМИ́Я ж ы л к ы н ы н (Anaemia infectiosa equorum) – сыңар туяктуу айбандардын кан пайда кылуучу органдарын дартка чалдыктырып, дайыма кайталанып, кал­тыратма түрүндө өтүүчү ылаңы. Жугуштуу анемиянын коз­гогучу – курамында РНК бар вирус. Вирус ай­лана-чөйрөнүн таасирине байымдуу. Жугуштуу анемия м-н жылкы, эшек, качыр ж-а пони сыяктуу сыңар туяктуулар ылаңдайт. Жылкылар жашына, жынысына карабастан, өзгөчө кулундар, бээлер тез ылаңдайт. Инфекциянын ылаңдаткычынын уюткусу – ылаңдуу мал. Ылаңдуу малдардан вирус сыртка сийдиги, заңы, көзүнөн, оозу-мур­дунан аккан илээшкек суюктуктар, сүтү аркы­луу бөлүнүп чыгат. Ылаңды таратуучу фактор­лорго мите м-н булганган чөп, жем, суу, төшөл­гө, тезек ж-а башка айлана-чөйрө объектилери кирет. Ж. а. башка ылаңдардан өзгөчөлүгү – ушул мезгилге чейин алиментардык жол м-н дарттын соо малга берилишинин тактала элек­тиги. Ылаңдуу ж-а соо малдарды бир нече ай бою бирге бакса да, ылаң соо малга жукпайт. Ошол эле мезгилде соо жылкыларга териси ар­кылуу эң эле аз өлчөмдөгү вирустун кириши (0,01 мл кан же кандын сары суусу) ылаңды пайда кылат. Ылаңды негизинен көгөөн тара­тат. Ал ылаңдаган малдын канын соруп, соо малга жуктурат. Көгөөндүн денесинде жугуштуу анемиянын вирусу 4 саатка дейре сакталат, бирок көбөй­бөйт. Ылаң өтө тез, курч, жетилген, улаарган ж-а тымызын формада өтөт. Жугуштуу анемпияда лимфо­циттердин саны кескин көбөйөт. Жугуштуу анемияда диагноз­ду эпизоотологиялык маалыматтардын клиникалык белгилердин, гематологиялык, патоморфологиялык ж-а серологиялык изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Ылаңдаган мал дарыланбайт, союлуп эти жараксызданды­рылат. Ылаңдын алдын алуу үчүн пландуу түрдө чарбадагы жылкылардын канын текшерип ту­руу зарыл. Жугуштуу анемия чыккан чарбага чек коюлат. Бул жердеги бардык сыңар туяктуу мал клини­калык ж-а серологиялык ыкмалар (РДП) м-н ай сайын текшерилет. Д. Раимбеков.