ЖУГУШТУУ ЭКТИМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУГУШТУУ ЭКТИМА , к о н т а г и о з д у к э к т и м а (Ecthyma contagiosum) – көбүнчө козу-улактардын эрининде, оозунун былжыр че­линде, тубар кой-эчкилердин желининде жара пайда кылып өтүүчү жугуштуу ылаң. Козгогу­чу – ДНК вирус. Вирус жогорку темп-рага ж-а кургакка, ысыкка чыдамдуу. Табигый шартта кой, эчки, жейрен, ылаңдайт. Айрыкча 4 күндөн 10 күнгө чейинки козу-улактар ылаңдашат.
Ылаң малдан адамга да жугушу мүмкүн. Ж. э. козгогучунун булагы – ылаңдаган мал, таратуу­чу факторлор – Ж. э. козгогучу м-н булганган жайыт, короо-сарайлар. Соолук кой-эчкилер Ж. э. м-н жеңил ылаңдайт, ошондуктан кээде байкалбай калат да, алар туут мезгилинде ылаң­дын козу-улактарга массалык түрдө таралы­шына себеп болот. Ылаңдын биринчи белгиле­ри вирус койдун организмине киргенден 2–3 күн өткөндөн кийин байкала баштайт. Кырг-ндын шартында Ж. э. эриндеги оозул түрүндө кезде­шет. Эриндин териси жараланып, таруудай бол­гон ысыктар пайда болот. Кийинчерээк алар ириңчелерге айланып, жарылгандан кийин жу­ка карттанат. Бир нече күндөн кийин мындай ысыктар ууртуна ж-а тилине чыгат. Диагноз эпизоотол., клиникалык маалыматтардын ж-а лабор. изилдөөлөрдүн натыйжасында коюлат. Ылаң башка микроорганизмдер м-н кабылда­бай өткөндө, жараланган жердин картын сый­рыбастан, йоддун, пиоктаниндин эритмесин сүйкөйт. О. эле синтомицин эмульсиясы, анти­биотиктер кошулуп даярдалган ихтиол шыбал­масы жакшы жардам берет. Ж. э-нын алдын алуу үчүн Кырг-ндын окумуштуулары сунуш кылган вакцинаны козу-улактардын үстүнкү эринине, тубар койлордун желинине сүртүп эмдөө жүргү­зүлөт. Ылаң чыккан чарбага чектөө коюлат. Д. Раимбеков.