ЖУКОВСКИЙ
ЖУКО́ВСКИЙ Николай Егорович [5(17). 1. 1847, азыркы Владимир облусу, Орехово кыштагы – 17. 3. 1921, Москва] – орус илимпозу, аэродинамиканы негиздөөчү. 1868-жылы Москва университетин бүтүргөн.

1870-жылдан 2-Москва аялдар гимназиясынын, 1872-жылдан Москва жогорку техникалык окуу жайында (МЖТОЖ) окутуучу, доцент. 1882-жылы «Кыймылдын бекемдиги жөнүндө» эмгеги үчүн математика илимдеринин доктору наамын алган. 1885-жылдан өмүрүнүн акырына чейин МЖТОЖдо ж-а Москва университетинде иштеген. 1894-жылдан Петербург, 1917-жылдан Россия ИАнын корреспондент-мүчөсү. 1905-жылдан Москва математика коомунун президенти. 1902-жылы Жуковскийдин жетекчилиги м-н Европадагы биринчи аэродинамикалык түтүк (Москва университетинде) курулган ж-а 1904-жылы Кучинодо аэродинамикалык институт түзүлгөн. Борбордук аэрогидродинамика институтунун уюштуруучусу (1918) ж-а алгачкы жетекчиси болгон. Жуковскийдин илимий эмгектери эң башкысы авиациянын теориясына арналып, өзү «oрус авиациясынын атасы» деген ардактуу наамга татыктуу болгон. Ал с а м о л ё т т у н аэродинамикалык эсептөөлөрүнүн, анын динамикалык узата туруктуулугунун ж-а б е к е м д и г и н и н эсептөөлө рүнүн негизин түзгөн. Ал – катуу нерселердин механикасы, астрономия, математика, гидродинамика, колдонмо механика, машиналарды жөндөө теориясы ж. б. тармак богюнча көп сандаган оригиналдуу изилдөөлөрдүн автору. Москвада ж-а Жуковский шаарында окумуштууга эстелик тургузулган ж-а илимий-мемориалдык музейи түзүлгөн.
Чыг.: Собр. соч., т. 1–7, М.; Л., 1948–50; Теоретическая механика, 2-е изд., М.; Л., 1952.
Ад.: Космодемьянский А. А. Н. Е. Жуковский. М., 1984.