ЖУМАБАЕВ
ЖУМАБАЕВ Эсенгул (9. 7. 1941-ж. т., Чүй обл.‚ Кемин р-ну‚ Шабдан айылы) – комп., дирижёр, сүрөтчү, Кыргыз CCР эл арт. (1987)‚ КРдин Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты(2002).Кыргыз CCРинин иск-вого эмг.

сиң. ишмери (1974). Фрунзедеги М. Күрөңкөев атн. муз.-хореогр. окуу жайын (1961)‚ Б. Бейшеналиева атн. КМИИни (1972) бүтүргөн. Т. Cатылганов атн. Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атн. эл аспаптар оркестринде кыякчы (1958–64)‚ дирижёр (1964– 72)‚ башкы дирижёр ж-а көркөм жетекчи (1978–86)‚ филармониянын көркөм жетекчиси (1989–93)‚ 1993-жылдан «Камбаркан» этногр.-фольклордук тобунун көркөм жетекчиси. Ж. 100дөн ашуун ыр-күүлөрдү оркестр үчүн иштеп чыккан‚ а. и. К. Орозовдун «Насыйкат»‚ Ш. Шеркуловдун «Жүрөк толкуйт»‚ «Марш камбаркан»‚ Ы. Тумановдун «Паровоз» ж. б.‚ элдик ыр «Cарой»‚ М. Баетовдун «Кыздар ай!»‚ А. Огомбаевдин «Жаштарга» ж. б. бар. Үч бөлүмдүү эпикалык симфониянын‚ «Кыргызстан»‚ «Карагул ботом» симф. поэмаларынын‚ спектаклдер үчүн музыканын‚ аспаптык чыгармалардын автору. «Камбаркан» ансамбли м-н чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Cүрөтчү катары чыгармаларынын автордук көргөзмөсүн өткөргөн (2003–04).