ЖУМАЛИЕВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАЛИЕВ Артыкбай (1928-ж. т., Чүй обл., Жайыл р-ну, Сары-Булак айылы) – медицина илимд. доктору (1989), проф. (1989). КРдин сала­маттык сактоосуна эмг. сиң. кызматкери (1989). КММИни (1954), ошол эле жерде аспирантура­ны (1957) бүтүргөн. КММИде ассистент, доцент, декандын орун басары, кафедра башчы болуп иштеген. Бийик тоо шартында зат алмашуунун патологиясы, о. эле биохимия, физиология б-ча адис. 70тен ашык ил. эмгеги, а. и. 2 моногра­фиясы, 3 окуу китеби ж-а окуу куралы, 3 ой­лоп табуусу бар.


Эмг.: Биогенные элементы. Окуу-методикалык көрсөтмө. Ф., 1988; Динамика и механизм изменений некоторых показателей обмена веществ при адаптации и деадаптации к высокогорью. М., 1989.