«ЖУМУШЧУ ЖАНА КОЛ ӨНӨРЧҮЛӨР СОЮЗУ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Совет бийлигин орнотуу жылдарында Түн. Кырг-нда уюштурулган алгачкы профсоюз уюму. Ал башында «Кол өнөрчүлөр уюму» катары 1917-ж. апрель айында Пишпек ш-нда түзүлгөн. Анын максаты ошол кездеги жаңы (пролетар­дык) саясатка ылайык союз мүчөлөрүнүн кесип­тик кызыкчылыгын коргоп, алардын санын ж-а аң-сезимин жогорулатууга багытталган. Бул союзга негизинен шаардык жумушчулар, кол

өнөрчүлөр ж-а Чүй сугат тармагында иштеген курулушчулар кирген. Союз большевиктерге Совет бийлигин орнотууда чоң таяныч болгон.


Ад.: Семёнов В. П., Борьба большевиков Киргизии за власть Советов. Фр., 1962.