ЖУНУСАЛЫ
ЖУНУСАЛЫ Куттубай уулу (1861‚ Талас өрөөнү – 1961‚ ошол эле жер) – сурнайчы. Ал кичинесинен эле ыр-күүгө шыктуу чоңойгон. Кийин эс тартканда Талас өрөөнүнүн жогорку аймагы-

нан чыккан атактуу сурнайчы Тайгожо м-н таанышып‚ андан таалим алган. «Cалтанат»‚ «Эл дүрбөдү»‚ «Эр сайыш»‚ «Таң атат»‚ «Зулайка» сыяктуу күүлөрдү чыгарган. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз иск-восу м-н адтынын он күндүгүнө катышып‚ «Ак токту» аттуу сурнай күүсүн мыкты аткарган. Белгил үү чыгармалары: «Колхоз шаңы»‚ «Кош кайрык»‚ «Cурнай күү»‚ «Жеңиш» ж. б. Медаль м-н сыйланган.