ЖУСУПОВ 2

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУСУПОВ Кеңеш (14. 4. 1937-ж. т., Нарын обл., азыркы Нарын р-ну, Эчки- Башы айылы) – жазуучу, публицист, журна-

лист, Кыргыз эл жазуучусу (1999), КРдин Ток­тогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (2004), КМПУ-нун проф. (2002). КМУнун филология ф-тин бүткөн (1961). 1961–64-ж. «Тянь-Шань правдасы» ге­зитинде адабий кызматкер, 1964-ж. Кыргыз ССР Ми­нистрлер Советине караш­туу Басма сөздө мамл. сыр­ларды сактоо башкарма­лыгында кызматкер, 1966– 68-ж. «Кыргызстан» басма­сында, 1968–73-ж. «Кыр­гызфильм» киностудиясын­да редактор, 1973–77-ж. Кырг-н жазуучулар союзунда адабий кеңешчи, 1978–82-ж. «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, 1987-жылдан башкы редактор, Кырг-н жазуучулар союзунун секретары болуп иштеген. Чыгармалары 1958- жылдан жарыялана баштаган. «Жашоо кума­ры» (1965), «Каралдым тоолор» (1967), «Мике­ланжело мекенинде» (1971), «Жүрөгүм менин тоолордо» (1972), «Ыр сабындагы өмүр» (1974), «Лесорубы» (М., 1975), «Ата журт» (1977), «Күл­гүн курак» (1979), «Сабыр и дедушка» (М., 1980), «Кан жолдогу ойлор» (1982), «Тоолуктар баяны» (1984), «Тулпар» (1988), «Сапар китеп» (1991), «Байыркынын издери» (2002), «Кыргыздардын байыркы маданияты» (2006) деген көркөм ж-а публ. китептердин автору. А. Табалдиевдин өмү­рүнө арналган «Бир өмүрдүн сабагы» аттуу та­рыхый-биогр. эссе, акын-жазуучулардын чыг­лыгына арналган адабий-сын багытындагы эс­селерди жаратты. Балдар үчүн «Манас» эпосун кара сөз түрүндө жазган. Айрым чыгармалары түрк, орус, украин, өзбек, татар, казак, чех, француз, араб ж. б. тилдерге которулган. «Кыр­гыз поэзиясынын антологиясы» (1-том, 1999), «Кыргыздар» 5 томдук (1991–2002) ж-а «Кыр­гыздар» 10 томдук (2004) китептердин түзүүчүсү. СССРдин Ленин комсомолу сыйл. (1975) лау­реаты. Медалдар м-н сыйланган.