ЖҮНДҮБАЕВА
ЖҮНДҮБАЕВА Нинакан (20. 10. 1917, Нарын обл., Кочкор р-ну, Тогуз-Булак айылы – 24. 4. 2003, Бишкек) – акын, Кыргыз эл акыны (1993), Кыргыз ССРинин мад-тына эмг. сиң. кызматкер (1977).

1929–34-ж. Нарын ш-ндагы балдар үйүндө т арби я л анган. 1936-ж. Кырг-н КП БКнын алдындагы, 1956-ж. Алматыдагы респ. парт. мектепти бүтүргөн. 1936–40-ж. Кочкор, Жумгал р-ндорунда мугалим, 1940-ж. комсомолдун Жумгал райкомунун 1-секретары болгон. 20 жыл парт. жооптуу кызматтарда: райкомдун секретары, райаткомдун төрагасы, обл. аткаруу к-ттин бөлүм башчысы, 1959–65-ж. «Тянь-Шань правдасы» гезитинде бөлүм башчы, Нарын обл. драма театрында директор, 1965– 72-ж. Кырг-н жазуучулар союзунун Нарын обл. б-ча адабий кеңешчиси болуп иштеген. Чыглыгы 1950-жылдардын 2-жарымынан башталган. «Алтын күз» аттуу алгачкы ыры 1957-ж. «Ленинчил жаш» гезитине жарыяланып, коомчулукка акын катары таанылган. Анын чыглык дүйнөсүндө негизги орунду энелердин, балдардын турмушу ээлейт. Туңгуч ыр жыйнагы «Алгачкы жаңырык» деген ат м-н 1960-ж. жарыкка чыккан. «Мурас» аттуу лирика-эпикалык поэмасы поэтикалык табылгасы болуп саналат. Акын бул поэмасында кыргыз элинин нукура турмушун, чабандык кесипти атадан балага мурас кылган үй-бүлөнүн тагдыр-таржымалын баяндайт. «Узатуу» (1960), «Ишенем», «Өнөр» (1963), «Бөбөктөр дүйнөсүнөн», «Эне тилеги» (1967), «Таңдагы гүлдөр» (1971), «Ата журт күүлөрү» (1975), «Менин карындашым» (1977), «Менин каармандарым» (1981), «Үмүтүм түгөнбөйт» (1983), «Кең дүйнө» (1985), «Чынар терек» (1987), «Эне дүйнөсү» (1994), «Кызыл өрүк» (2000) ж. б. ыр китептердин автору. Ондон ашуун пьесалары, көптөгөн публ. макалалары жарык көргөн. Анын 60тан ашык ырына («Грейдерчи жигитке», «Ой, уул ай», «Атама ант», «Энеме», «Нарын», «Келчи биздин айылга», «Кызыл өрүк», «Эсте энелер» ж. б.) обон жазылган, көптөгөн ырлары орус, казак, өзбек, түркмөн, тажик, якут, эстон ж. б. элдердин тилдерине которулган. Ысмы Кочкордогу Кара-Коо орто мектебине ыйгарылган. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.