ЖҮРӨК КЕМТИГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮРӨК КЕМТИГИ – жүрөктүн ж-а анын клапандарынын ишинин бу­зулушу. Ж. к-нин тубаса ж-а кийин пайда бол­гон түрү бар. Жүрөктүн тубаса кемтиги түйүл­дүктүн өөрчүү мезгилинде жүрөк ж-а ири кан тамырлардын туура эмес калыптанышынан ке­лип чыгат. Мында клапандардын кемтигинен башка дүлөйчөлөр м-н карынчалардын орто­сундагы капталдарда да тешик болушу мүмкүн. Анда кандын бир бөлүгү жүрөктүн сол жагы­нан оң жагына өтүп, вена каны м-н арала­шып, кайра өпкөгө кетет же өпкөгө барбай эле жүрөктүн сол карынчасына, андан толтого барат. Натыйжада ткандарда кычкылтек м-н камсыз кылуу бузулуп, жүрөккө күч келет. Тубаса Ж. к. м-н жабыркагандар начар чоңо­юп, эмгекке жарамдуулугу төмөн болуп, жугуш­туу ж. б. ооруларга көп чалдыгат. Кийин пайда болгон Ж. к-н түрдүү оорулар – кызыл жүгүрүк, котон жара, атеросклероз пайда кы­лат. Адегенде бул оорулардан жүрөк клапанда­рынын ткандары сезгенип, азыктанышы бузу­лат. Жүрөк клапандарынын формасы өзгөрүлүп, жүрөк камераларынын ортосундагы клапандар­дын иши начарлап, тешиктер толук жабылбай калат. Ткань катууланып, аны м-н бирге вена ж-а артериялардын чыга бериш жери тарыйт.


Кызыл жүгүрүктө көбүнчө 2 жапкактуу клапан жабыркап, анын жапкактары жабышып, жүрөк камераларынын ортосундагы тешиктер бүтөлөт да, кандын жүрүшүнө тоскоол кылат, кандын айланышы бузулат. Бул жүрөктүн ишин кыйындатат ж-а булчуңун чарчатат (стеноз). Кээде бир нече жапкактары жабыркайт. Бул учурда жүрөк күч м-н иштегендиктен, жүрөктүн ичи кеңеет, булчуңдары калыңдайт. Оору күчөгөндө, жүрөктүн мүмкүнчүлүктөрү азайып, анын иштеши начарлайт ж-а жүрөктүн же­тишсиздигине алып келет. Ал жүрөктү тың­шоо, каккылоо ж-а рентген, электр-кардиогра­фия жасоо м-н аныкталат. Дарылоо анын түрүнө жараша жүргүзүлөт ж-а жүрөктүн иштешин жакшыртууга, кан айланууну калыбына кел­тирүүгө багытталат. Ж. к-н хирург. жол м-н дарылоо медицинанын жетишкендиги болуп эсептелет. Алдын алууда көп учурда бул ооруга алып келүүчү ревматизм ж. б. оорулардын ал­дын алуу керек. Боюнда бар аялдын ден соо­лугун коргоо (жугуштуу оорулуу м-н жолукпоо, ичкилик ичпөө, тамеки чекпөө, өз алдынча ар кайсы дарыларды колдонбоо) тубаса Ж. к-н алдын алууда чоң мааниге ээ.