ЖЫГАЧ ООЗ КОМУЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫГАЧ ООЗ КОМУЗ – кыргыздын эң байыр­кы тилдүү какма муз. аспабы. Ал сары жыгач‚ жылгын‚ шилби ж. б-дан сызгычтай жукар­тылып‚ ортосуна өзүнөн тил чыгарылып жаса­лат. Тилдин түп жагы ичке көзөлүп‚ жип тагы­лат. Ж. о. к-дун жаагын эрин-

дин арасына коомай коюп‚ тилине бекитилген жипти ка­гуу аркылуу үйлөп (же дем тар­тып) ойнолот. Уз. 15–20 см‚ туу­расы 2‚2–5 см‚ жукалыгы 1‚5 см‚ тилинин уз. 10–15 см‚ жиби 25–30 см. Эл арасында 3–4 түрдө жасалышы белгилүү. Доошу жапыз. Көбүнчө обон-күүлөр ат­карылат. Жыгач ооз комузчу­лар ансамбли Ала-Бука р-нун­да (жетекчиси Ш. Жоробекова, 1969)‚ Ош пед. ин-тунда (1975) уюшулган. «Камбаркан» эт­ногр. фольклордук ансамблин­де‚ «Ордо сахна»‚ «Азадабегим» фольклордук топторунда ойнолуп жүрөт‚ жеке да аткарылат.