ЖЫЙЫРМА СЕГИЗ ПАНФИЛОВЧУЛАР
ЖЫЙЫРМА СЕГИЗ ПАНФИЛОВЧУЛАР – Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССРдин борбору Москва ш-н коргоодо өзгөчө эрдик көрсөткөн жоокерлер. Алар 16-армиянын И. В. Панфилов башкарган 316-аткычтар дивизиясынын (к. Панфилов дивизиясы) 1075-аткычтар полкунун 2-батальонунун 4-ротасынын 2-взводунун курамында Волокаламск таш жолундагы Дубосеков т. ж. айрылышында жайгашкан. 1941-ж. 16-декабрь күнү ротанын саясий жетекчиси

В. Г. Клочков жетектеген 28 жоокер 4 саатка созулган салгылашууда жоого каршы каармандык м-н жан аябай каршылык көрсөтүп, алардын 14 танкасын кыйраткан. Панфиловчулардын 23 кишиси курман болгонуна карабай, душман ушул жерге токтоп калууга мажбур болгон. СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1942-ж. 21-июлдагы Указы м-н бул жоокерлердин [Г. М. Безродный, Н. Н. Белашов (Болатов), Я. А. Бондаренко, И. Р. Васильев, И. Е. Добробабин, П. Д. Дутов, П. К. Емцов, Н. Есеболотов, Д. М. Калейников, В. Г. Клочков, А. И. Крючков, А. Кожобергенов, А. Косаев, Н. Г. Максимов, Г. С. Митин, Н. А. Митченко, И. М. Натаров, М. Сенгирбаев, Д. Ф. Тимофеев, Н. И. Трофимов, И. Д. Шадрин, И. А. Шепетков, кырг-ндыктар: Н. Ананьев, Г. Конкин, И. Москаленко, Г. Петренко, Г. Шемякин, Д. Шопоков] баарына Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. Ж. с. п-дын туулган жерлеринде атайын эстеликтер орнотулуп, көптөгөн мектеп, көчө, айыл-шаарларга ысымдары берилген. Алар салгылашкан жерде «28 баатырдын эрдигине» мемориалдык ансамбль тургузулган (1975).
Ад.: Кривицкий А. Подмосковный караул. М., 1970; Великое не умирает. Ф., 1981.