ЖЫЛГА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 31 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛГА – тоо капталында жаан-чачын жеши­нен пайда болгон анча терең эмес коктучалар. Жылга көп учурда кыртыштанып, чөптүү ж-а бадалдуу келет. Чулу тектүү бетте «таш жылга» болот. Тоо капталынын ортоңку тилкелеринде ж-а этекте­ринде, ошондой эле ири дарыя өрөөндөрүндө кездешет. Жергиликтүү топонимдердин бири катары Кара-Жылга, Суу-Жылга, Жылга-Булак, Карагайлуу-Жылга, Эчкили-Жылга, Ээн-Жылга, Бадалды-Жылга ж. б. сыяктуу географиялык аттарда кездешет.