ЖЫЛДЫЗЧА МӨҢГҮСҮ
ЖЫЛДЫЗЧА МӨҢГҮСҮ Какшаал кырка тоосунун түндүк капталында, Борбордук Теңир-Тоодо. Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн негизги тармагы. Узундугу 16,5 км, аянты 91,8 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 7439 м (Жеңиш чокусу) бийикте, 4110 мде негизги мөңгүгө кошулат. Кар чегинин бийиктиги 4150 м. Мөңгү бүт бойдон фирн облусунда жатат. Негизги мөңгүнүн өрөөнүндө туурасы 1 км келген тилкени түзөт. Фирн облусу дээрлик Жеңиш чокусунун түндүк капталында жатып, тепкич сымал кертилген муз жаракалары м-н татаалданган.