ЖЫЛКЫЧЫ ЧЫМЧЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛКЫЧЫ ЧЫМЧЫКТАР (Motacilla) – та­ранчылар түркү­мүнүн бир уруусу. Салмагы 20–25 г. Түсү агыш, көгүш, сары, бозомтук ж-а кара. Тумшу­гу ичке, учт уу, куйругу узун. Европа, Азия, Африка ж-а Түн. Америкада таралган.

Түн. жакты мекендеген­дери – келгин куш. Сууга жакын ачык жерде жашайт. Уясын жерге салат, кээде жылына 2 жолу уялап, 4–6 жумуртка тууйт. Ж. ч. курт­кумурска ж-а алардын куурчакчалары, жөргө­мүштөр, майда рак сымалдар м-н азыктанат. КМШ өлкөлөрүндө 5, Кырг-нда 4 түрү бар.