ЖЫЛУУ ДЕҢИЗ АГЫМДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:46, 31 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУ ДЕҢИЗ АГЫМДАРЫ – белгилүү бир кең­диктеги жалпы океан суу­сунун температурасынан жы­луураак болгон деңиз агы­мы. Адатта жылуу агым­дар төмөнкү кеңдиктерден жогорку кеңдиктерди ка­рай агат. Жылуу агымдар буулануу көп болгон ай­мактардан келгендигине байланыштуу суусунун туздуулугу жогору болот; мисалы, Гольфстрим, Куросио жылуу агымдары. Арктика, Антарктика тараптан келген муздак жээк агымдарына жылуу деңиз агымдары беттешкенде, ылдам­дыгы күчөйт, к. Деңиз агымдары, Муздак деңиз агымы.