ЖЫЛУУЛУК БАЛАНСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:15, 31 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУЛУК БАЛАНСЫ – бардык жылуулук м-н пайдалуу ишке жумшалган ж-а пайдала­нуу убагында коромжу болгон жылуулуктардын суммасынын барабардыгы. Техникада жылуулук балансы буу казанында, меште, жылуулук кыймылдаткыч­тарында ж. б. механизмдерде болуучу жылуу­лук процесстерин анализдөө үчүн пайдаланылат. Жылуулук балансы астрофизикалык, геофизикалык, химиялык, биологиялык ж. б. проб­лемаларды чечүүдө, илимий изилдөөдө пайдаланылат. Пайдалуу жылуулук – суу казанында сууну жы­лытууга, буу казанында бууну пайда кылууга кеткен жылуулук. Коромжу болгон жылуу­лук – түтүн м-н айлана-чөйрөгө кетет ж-а күл м-н чыгат. Суюк же газ түрүндөгү отундар то­лук күйүп, коромжу дээрлик болбойт. Агрегат­тарды сыноонун негизинде түзүлгөн жылуулук балансы боюнча үнөмдүүлүк аныкталат.