ЖЫЛУУЛУК ИЗОЛЯЦИЯСЫ
ЖЫЛУУЛУК ИЗОЛЯЦИЯСЫ – имараттардын, өнөр жай жылуулук курулмаларынын (же алардын айрым түйүндөрүн), муздаткыч камералардын,өткөргүч түтүктөрдүн ж. б-дын жылуулугун айлана-чөйрөгө чыгарбоочу иш чаралар. Мисалы, курулуш ж-а жылуулук энергетикасында жылуулук изоляциясы айлана-чөйрөгө чыккан жылуулукту азайтуу үчүн, муздаткыч ж-а криоген техникасында аппаратураларды сырттан келген сууктан сактоо үчүн пайдаланылат. Жылуулук изоляциясы жылуулук өткөрбөөчү материалдан жасалган атайын тосмолор аркылуу камсыз болот. Жылуулук изоляциясында төмөнкүдөй материалдар колдонулат: аба же суу аркылуу жылуулук алмашууда – аба өткөрбөөчү материалдан жасалган тосмолор; нурдуу жылуулук алмашууда – жылуулук нурун чагылтуучу материалдар (мисалы, фольга, металл, лавсан плёнкалары); жылуулук өткөрүү учурунда – көңдөй түзүлүштөгү материалдар. Жылуулук изоляциясынын натыйжалуулугун жогорулатуу – жогорку көңдөйлүү материалдарды ж-а аба катмары болгон көп катмардуу конструкциялык түзүлүштөрдү колдонуу аркылуу жетишилет.