ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫ
ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕ́КТР СТАНЦИЯСЫ – жылуулук кыймылдаткычтар м-н кыймылга келтирилген генераторлор аркылуу электр энергиясын иштеп чыгуучу ишкана. Алгачкы жылуулук электр станциясы 1882-жылы Нью-Йоркто, ал эми 1883-жылы Петербургда, 1884-жылы Берлинде курулган. Органикалык отун күйгөндө пайда болгон химиялык энергия жылуулук электр станциясынын жылуулук булагы болуп эсептелет. Ал колдонулуучу отундун түрүнө жараша катуу, суюк, газ ж-а аралаш отундуу; жылуулук кыймылдаткычынын түрү боюнча буу турбиналуу (баралуу), газ турбиналуу (баралуу) ж-а ичинен күйүүчү кыймылдаткычтуу; берүүчү энергиянын түрүнө жараша – конденсациялуу электр станциясы ж-а жылуулук электр борборлору (теплофикациялуу) ж. б. болуп бөлүнөт. Жылуулук электр станциясынын бир түрү катары атомдук, гелиоэлектрдик, геотермалдык электр станциялар эсептелет. Жылуулук электр станциясынын электр жабдууларына ток генератору, бөлүштүргүч түзүлүш, жогорулаткыч подстанция, тек-

шерүү ж-а башкаруу куралдары, ошондой эле жардамчы түзүлүштөр кирет. Азыркы учурда кубаттуулугу 5–6 ГВт болгон жылуулук электр станциялары курулууда.