ЖЫЛУУ-СУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:56, 31 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУ-СУУ , Ү ч - Э м ч е к – Тоң районундагы (Ички Теңир-Тоодо) суу. Нарын дарыясынын алабын­да. Узундугу 51 км, алабынын аянты 690 км2. Тескей Ала-Тоонун түштүк капталына Үч-Эмчек тоосу кошулган жердеги мөңгүлөрдөн башталып, Бур­кан суусуна (Кичи Нарындын жогорку бөлүгү) куят. Алабынын 9,5%ин (жалпы аянты 65,8 км2) мөңгү ээлейт. Куймалары: Кашка-Суу, Ашуу-Суу ж. б. Чатына жакын Тешик-Көл (аян­ты 0,65 км2) жайгашкан. Ага жакын жерден жылуу кайнар булак чыгат. Жылуу-Суу июнда ки­рип, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгы­мы 7,5 м3/сек. Өрөөнү Тоң ж-а Нарын райондору­нун малы үчүн жайыт.