ЖЫЛУУ-СУУ КҮМҮШ КЕНЧЕСИ
ЖЫЛУУ-СУУ КҮМҮШ КЕНЧЕСИ Ош обл-нун Баткен р-нунда, Түркстан кырка тоосунда. Сох суусунун баш жагында, деңиз деңг. 3000– 3500 м бийикте жайгашкан. 1983-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Жогорку карбон конгломераттары ж-а ортоңку карбон сланецтери, алевролиттери, кумдуктары кездешет. Ортосунда уз. 9 кмге жеткен минералдашкан тектон. аймак түн.-батыш тарапка созулуп жатат. Анда кварц, кальцит, пирит, галенит ж-а халькопириттен турган уя сымал, пласт ж-а мамыча түрүндөгү кенташ тулкулары бар экени аныкталган. Кенташтагы күмүштүн орт. өлчөмү 69,9 г/т. Күмүштөн башка коргошун (5,28%), жез (1,74%) ж-а цинк (0,9%) кездешет. Кенташтагы металлдардын болжолдуу запасы: күмүш – 1213 т, коргошун – 900 миң т, жез – 3 00 миң т, цинк – 156 миң т. Кен толук изилдөөнү талап кылат.