ЖЫЛУУ-СУУ ТАНТАЛ-НИОБИЙ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:03, 31 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУ-СУУ ТАНТА́Л-НИО́БИЙ КЕНИ Баткен районунда, Алай кырка тоосунун түндүк капталын­да, Кожо-Ашкан суусунун баш жагында, Гуа­мыш, Жылуу-Суу, Ылай-Суу сууларынын ара­лыгында, деңиз деңгээлинен 2600–3500 м бийикте жай­гашкан. 1956–59-жылдарда издөө-баалоо иштери жүргү­зүлгөн. Кен аймагы пермь мезгилиндеги нефе­линдүү сиенит интрузиясы м-н жирелген жогор­ку карбондун чөкмө тектеринен (сланецтер, кум­дуктар, конгломераттар) турат. Кенташтуу ме­тасоматиттер интрузиянын батыш тарабында­гы эндо ­ж-а экзоконтактта пайда болгон. Бар­дыгы 15 кенташтуу аймакка бөлүнгөн. Негизги кенташ минералдары: пирохлор, циркон, торит, бетафит. Тантал кычкылынын кенташтагы өл­чөмү 0,008%, ниобий кычкылыныкы – 0,071%. Тантал-ниобий кенташынын С2 – категория боюнча запасы 13338,4 миң т, тантал кычкылы­ныкы С2 – 1067 т, ниобий кычкылыныкы – 9470 т. Андан тышкары цирконий кычкылы­нын запасы – 15947 т, литийдики – 25885 т, торийдики 10000 т.