ГРАНКА
ГРА́НКА – 1) басмаканалык терүүнүн белгисиз сандагы саптан турган мамычасы; 2) терилген мамычадан басылып алынган оттиск; 3) үч жагы кырдуу металл такта. Бул такта линотиптик терүүдө терилген ариптерди которуштурууда, сактоодо ж-а алардын катасын оӊдоо процессинде колдонулган.