ЖЫРГАЛАҢ 2
ЖЫРГАЛАҢ – о. кылымга таандык шаар калдыгы. Ысык-Көл обл-нун Түп р-нундагы Михайловка кыш-нын батышындагы Жыргалаң булуңунда жайгашкан. Төрт бурчтуу дубалынын бийикт. 1,5–2,5, туурасы 2 м. Тегерете кенен казылган терең аң м-н курчалган. Ичинде көптөгөн курулуш калдыктары калган. 1949-ж. А. Н. Бернштам изилдеп, 1–15-к-га таандык шаар деген жыйынтыкка келген. 1961-жылдагы Д. Ф. Винник жүргүзгөн изилдөөдө Ж. 8- к-да пайда болуп, 13-к-дын башында моңгол чабуулунан кыйрагандыгын айкындаган.
Ад.: Бернштам А. Н. Историко-археологические очерки Центрального Тянь-Шаня и Памиро-Алая. М.; Л., 1952.