ЖЫРГАЛАҢ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:15, 1 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРГАЛАҢ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы дарылык касиети бар минералдуу жылуу суу булагы. Каракол шаарынан 10 км түндүк тарапта, Ысык-Көлдүн чыгыш кылаасында, Жыргалаң суусунун боюнда, де­ңиз деңгээлинен 1624 м бийикте. 1960-жылы терең бургу­лоо көзөнөгүнөн чыгарылган. Суу чыккан жер­де антропогендин кумдук ж-а алевролиттен тур­ган чөкмө тектери жатат. Минералдуу ысык суу 3000 м тереңдиктеги палеозой тоо тектеринде пайда болуп, үстүнкү мезозой кабаттарына жа­рака аркылуу көтөрүлөт. Көзөнөктөн чыккан суунун дебити 37,5 л/сек, температурасы 46°С. Химиялык курамы боюнча хлорид-сульфат-натрийлүү, же­гичтүү (рН = 8,5) арашан сууларына кирет. Ак-суу минералдуу суусуна окшош, бирок андан кремний кислотасынын аздыгы, фтордун ж-а каль­цийдин көптүгү м-н айырмаланат. Суу тузсуз, жытсыз, даамсыз. Курамында бир аз йод, бром, бор, молибден, жез, цинк, коргошун, гумин бар. Суу муун, булчуң ж-а нерв ооруларына шыбаа. Анын базасында Жыргалаң курорту иштейт. Имараттарды жылытууга, турмуш-тиричилик керектөөсүнө да пайдаланылат. Запасы А кате­гориясы боюнча суткасына 1,728 миң м3.