ЖЫРТКЫЧТАР
ЖЫРТКЫЧТАР (Carnivora) – сүт эмүүчүлөрдүн түркүмү. Бор мезгилиндеги эң жөнөкөй курткумурска жечүлөрдөн келип чыккан. Дене уз. 11 смден (арыс чычкан) 3 мге чейин (аюулар), салм. 100 гдан 700 кгга чейин. Жыныс диморфизми байкалбайт, айрым түрүнүн гана эркеги ургаачысынан чоңураак болот. Түсү, түзүлүшү ж-а жашоосу ар түрдүү. Көпчүлүгү тамандап басып жүрүүчүлөр, манжалары ар дайым 5, чанда гана 4, тырмактары жакшы өрчүгөн. Ж-дын көпчүлүгүнүн үстүнкү, алдыңкы азуу тиштеринин төртүнчүсү ж-а астынкы арткы азуу тиштеринин биринчиси (жырткыч тиштери) башка азуу тиштерине караганда жакшы өөрчүгөн, табылгасын тытып жеш үчүн кызмат аткарат. Кылкыйма азууларынын кырлары дайыма курч. Көпчүлүгүнүн жүнү калың, жумшак. 12 тукуму, а. и. азыркы карышкырлар, аюулар, жанаттар, суусарлар, көк жалдар, виверралар ж-а мышык сымалдардын 235 түрү кездешет. Ж-га кээде түркүмчө катары калак буттуулар да киргизилет, алар Ж-дын түпкү тегинен четтеген. Австралия (байырлаштырылган түрлөрү бар) м-н Антарктидадан башка бардык жерде таралган. Негизинен күүгүмдө ж-а түнкүсүн активдүү, моногамдар. Жалгыздап ж-а жупташып тиричилик өткөрөт. Балдары сокур туулат, кеч чоңоёт. Көбү (аты ошондон), кээси ылгабай азыктануучулар. Эт жечүлөр. Көпчүлүгүнүн териси баалуу, ошондуктан аларга аңчылык жасалат. Кээ бири (мис., карышкыр) мал чарбасына зыян келтирет. Жугуштуу ооруларды (мис., кутурма) таратуучулар. Көпчүлүк түрүнүн саны кескин азайып кеткен. 36 түрү, 20 түрчөсү ТКЭСтин, 8 түрү Кырг-ндын Кызыл китебине киргизилген.