ЖЭЭНАЛИЕВ
ЖЭЭНАЛИЕВ Токтожума (9. 5. 1933-жылы туулган, Тогуз-Торо району, Арал кыштагы) – милициянын генерал-майору (1984), СССР ИИМдин эмгек сиңирген кызматкери (1974), КРдин эмгек сиңирген юристи (1994). Жалал-Абад шаарындагы мугалимдер институтун (1952), СССР ИИМдин Алматыдагы атайын мектебин (1960), Москвадагы жогорку мектебин (1968) бүтүргөн. 1952–55-жылдарда Казарман орто мектебинде мугалим, комсомолдун Тогуз-Торо райкомунда бөлүм башчы, 1959–62-жылдарда Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө участкалык инспек-

тор, 1962–63-жылдарда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын оперуполномочени, 1963–71-жылдарда Тогуз-Торо, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн улук уполномочени, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, 1971–72-жылдарда Нарын облустук ички иштер башкармалыгында бөлүмдүн начальниги, 1972–75-жылдарда Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, 1975–87-жылдарда Нарын облустук ички иштер башкармалыгында начальниктин орун басары, начальниги, 1987– 96-жылдарда ИИМде кадрларды даярдоо борборунун начальниги, 1998-жылдан КР ИИМдин Э. Алиев атындагы академиясынын профессору. Эмгек Кызыл Туу, III даражадагы Манас ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.