ЖЭЭНБЕКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:56, 4 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЭЭНБЕКОВ (мурдагы Т е л ь м а н, Ч о л о к- Т е р е к, К ы р г ы з с т а н) – Жалал-Абад облусундагы кыштак. Жалал-Абад шаарынын кура­мындагы Тайгараев атындагы айыл округуна караш­туу. Жалал-Абад шаарынан ж-а темир жол бекетинен 9 км түндүк-чыгыш тарапта. Калкы 1210 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, клуб, мед­пункт бар. Кыштак КР ЖКнын Мыйзам чыга­руу жыйынынын депутаты Сатыбалды Жээн­бековдун урматына аталган.