ГРАНУЛДОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:19, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАНУЛДОО ( лат. granulum – бүртүк) – затты майда күкүм-бүртүктүү формага келтирүү. Гранулдоо заттын технологиялык касиетин жакшыртат, аны майда порциялар м-н пайдаланууга мүмкүндүк түзөт, батташтырбайт, жүктөөнү ж-а ташууну жеӊилдетет. Металлургия, энергетика, химия өнөр жай, айыл чарбада ж. б-да колдонулат. Гранулдоо методу ар кандай: металлургияда – эриген суюк металлды суунун агымы, кысылган аба, азоттун же суунун буусу м-н иштетишет; химия өнөр жайында көӊдөй, бийик мунарада эритмелерди чачыратуу, күкүм түрүндөгү матералдарды тыгыздоо жолу м-н жасашат; айыл чарбада болсо гранулданган тоют алынат.