ЗАРАУТ-САЙ СҮРӨТТӨРҮ
ЗАРАУТ-САЙ СҮРӨТТӨРҮ – Өзбекстандагы Зараут-Сай дарыясынын оң жээгиндеги коңулда аска бооруна минерал боёк менен тартылган байыркы сүрөттөр. 1940–1945-жылдары археолог Г. В. Парфёнов изилдеген. Зараут-Сай сүрөттөрүнүн эң байыркысы орто таш дооруна (мезеолит) таандык. Зараут-Сай сүрөттөрүндө байыркы адамдардын жапайы жаныбарларга (бука, теке) аңчылык кылуу учуру чагылдырган.

Зараут-Сай сүрөттөрү алгачкы коомдун адамдарынын чарбалык турмушу, диний ишенимдери жана искусствосунан кабар берет. Зараут-Сай сүрөттөрү Кыргызстандагы Ак-Чуңкур үңкүрүндө табылган таш доорунун сүрөттөрүнө убакыт жагынан мезгилдеш келет.
Ад.: Рогинская А. Зараут-Сай. М.; Л., 1950; Формозова А. А. Очерки по первобытному искусству. М., 1969.