ГРАФИК (календарлык план)
ГРА́ФИК (гр. graphikjs – сызылган) – басылманын (гезиттин) ар бир бетин калыпка салуудагы башталышы ж-а аяктоо мөөнөтү; анын бүтүндөй же тиешелүү бөлүктөрүн басып чыгаруунун таблица түрүндө түзүлгөн календарлык планы. Графикти так сактоо басылманын өз убагында жарыкка чыгышын камсыз кылат.