ГРАФИКАЛЫК ЖУМУШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:34, 10 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАФИКАЛЫК ЖУМУШ графика каражаттарынын жардамы менен сызыктарды, штрихтерди жана чекиттерден түзүлгөн сүрөттөлүштөрдү алуу. Айрым графикалык көркөм чыгармалар ар кандай полиграфиялык жолдор (мисалы, ксилография, гравюра, литография, цинкография жана башкалар) менен алынат. Түрдүү кубулуштарды изилдөө аркылуу сүрөттөлүштөрдү алууда өз алдынча жазуучу приборлор (мисалы, медицинада кардиограммалуу жана башкалар) колдонулат. Математика сабагында диаграммалар жана графиктер, пландар; география, тарыхта пландар жана карталар; физика, чийүү, эмгекке үйрөтүү сабактарында схемалар колдонулат.