ЗИМА Анна Гавриловна

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:13, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗИМА́ Анна Гавриловна (1909, Одесса – 1985, Биш­кек) – тарых илимдеринин докто­ру (1967), профессор (1971), Кыр­гыз ССР ИАнын корреспондент-мү­чөсү (1969).

Кыргыз ССР илим ж-а техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). Кыр­гыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1972). 1935-жылы Москвадагы тарых-филосо­фия институтун бүткөн. 1935–56-жылдарда Кыргызстандын ЖОЖдорунда окутуучу, 1957–73-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда илимий кызматкер, 1974- жылдан сектор башчысы болуп иштеген.