ЗИНИН РЕАКЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗИ́НИН РЕАКЦИЯСЫ – нитробирикмелерди H2S, (NH4)2S же щелочтуу металлдардын суль­фиддери м-н калыбына келтирип, ароматтык аминдерди алуу жолу. 1842-ж. орус химиги Н. Н. Зинин ачкан. Процесс нитробирикмелер­ди калыбына келтиргичтер м-н ысытуунун на­тыйжасында жүрөт. Сульфиддерди негизинен антрахинон катарындагы аминдерди алууда же ди­ж-а полинитробирикмелерди калыбына кел­тирүүдө колдонулат. 1-жолу ароматтык анилин­ди ө. ж-да синтездөөдө, о. эле 2-нафтиламинди, м-аминобензой к-тасын ж-а м-фенилендиамин­ди алууда колдонулган.