– о. кылымдарга (7–11-к.) таандык шаар калдыгы. Бухара (Өзбекстан) ш-нын батыш тарабында (40 км), Зеравшан д-нын жээгинде жайгашкан. Аянты 100 гадай. В. Согду мамлекетинин өнүккөн шаарларынын бири болгон. 1937, 1949–54-ж. В. А. Шишкин жетектеген экспедиция археол. казуу иштерин жүргүзүп, чеп, хан сарай, турак жайлар табылган. Бул арх-ралык эстеликтердин ичинен хан сарай өзгөчө орунду ээлейт. Коргондолгон хан сарай шаардын бийик жеринен орун алган. Коргондун бийикт. 15 м, туурасы 5 м. Хан сарайдын «Чоӊ чыгыш залы» (1115 м) ж-а «Кызыл залы» (7,8512 м) өзгөчө жасалгаланган. «Чоӊ чыгыш залында» падышанын тактысы коюлган. Бөлмөнүн дубалына падышалардын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Биринде канаттуу төө үстүнө орнотулган такта кылыч кармап отурган падыша тартылган, ошону м-н катар эле падышанын, канышанын, канзааданын көӊүл ачуу мезгили, ал эми «Кызыл залында» укмуштуу айбандар м-н кармашкан баатырлар, пилчен аскерлер, о. эле согуш, аӊчылык учурлары ж. б. чагылдырылган. Бул көркөм археол. эстелик О. Азия элдеринин о. кылымдарда бийик деӊгээлдеги мад-тка ээ болгонун ырастайт.