ЗУРНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:27, 10 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗУРНА́ (арабча. сур – мүйүз‚ персче най – түтүк) – азербайжан‚ армян‚ грузин‚ авар‚ түрк‚ иран эл­дерине кеңири тараган мүштөктүү үйлөмө музыкалык аспап. Орто Азия (тажик‚ өзбек) элдеринде сур­най‚ Кытайда сона делет.

Түрү‚ добушу жагы­нан Зурна гобойго окшош‚ узундугу 300–400 мм‚ 8–9 кө­зөнөктүү‚ жыгачтан жасалат. Жеке жана эл ас­паптар оркестрлеринде ойнолот.