ГРАЦ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:56, 25 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАЦ – Австриядагы шаар. Штирия жеринин (административдик аймактык бирдик) административдик борбору. Мур дарыясынын боюнда, Штирия Альп тоолорунун этегинде жайгашкан. Калкы 276,5 миӊ (2015). Чоӊдугу ж-а экономикалык мааниси боюнча өлкөдөгү экинчи (Венадан кийинки) шаар. Маанилүү жолдор тоому. Машина куруу, химия, кагаз, жеӊил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, Штирия, криминалистика музейи бар. 13–18-кылымдардын архитектура эстеликтери, епископ сарайы, Шлосберг капкасынын урандысы ж. б. сакталган.