ИБН ХОРДАДБЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБН ХОРДАДБЕК , Абу-л Касым Убайдуллах ибн Абдаллах ибн Хордадбек (820–912) – араб географы, тарыхчы. Иранда туулуп, Багдаддан билим алган. И. Х. Аббасид халифатынын ад­министрациясында иштеп, ал-Жибал аймагында почта бөлүмүнүн башчысы, көзөмөлдөөчү кыз­мат (сахиб ал-барид ва-л-хабар) аткарган. Анын калеминен бир нече эмгек жаралган, бирок биз­ге жалгыз гана хижранын 232-ж. (846–47) жа­зылып, кийин кошумчалар м-н кеңейтилген геогр. китеп – «Китаб ал-масалик ва-л-мама­лик» («Өлкөлөр м-н жолдордун китеби») жет­кен. И. Х. кызмат абалына байланыштуу көп­төгөн даректүү маалыматтарды пайдаланган. Анын эмгегинде ар кайсы өлкөлөрдүн, өзгөчө Ирак, Хорасан ж-а О. Азиянын тарыхый-геогр. абалы м-н ал жердеги аймактар, шаар-кыштак­тардын, почта бекеттеринин, жолдордун жай­гашышы, соода иши, киреше булактары ж-дө маалыматтар келтирилген. И. Х-тин чыгарма­сында Кырг-ндын азыркы аймагындагы соода жолдору м-н шаарлар ортосундагы аралыктар үзүндү түрүндө кезигет. Геогр. бул эмгекте Ор­тоңку ж-а Борб. Азиядагы түрк тилинде сүй-


лөгөн элдер м-н уруулар саналып, а. и. кыргыз­дар (хирхиз) болгону да белгиленген. Анын чы­гармасын француз тилине Де Гуе которуп, «Араб географтарынын китепканасы» деген 6 томдук­тун биринде жарык көргөн. И. Х-тин эмгегинен ал-Йакуби (9-к.), Ибн ал-Факих (9–10-к.), Ибн Руст (10-к.), Ибн Хаукал (10-к.), ал-Мукад­даси (10-к.), ал-Казвини (13-к.) ж. б. пайдала­нышкан.


Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957; Источни­коведение Кыргызстана. Б., 1996; 2-е доп. изд. 2004.<ParaBr>


Т. Жуманалиев.