ИБРАИМОВ Жумабек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 12 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБРАИМОВ Жумабек (1.1.1944, Чүй облусу, Ке­мин району, Жаңы-Алыш айылы – 4.4.1999, Биш­кек) – коомдук, мамлекеттик ишмер. 1972-жылы ФПИни бүтүргөн.

1972–76-жылдарда ошол эле институтта ассистент, окутуучу, 1976–77-жылдарда Москва шаарындагы станок куруу институтунда стажёр, Фрунзе атындагы айыл чарба маши­наларын куруу заводунда инженер-технолог, техникалык бюронун начальниги, 1977– 85-жылдарда Миң-Куш «Оргтехни­ка» заводунун Рыбачьедеги фи­лиалында инженер-конст­руктор, башкы конструк­тор, башкы инженер, ди­ректор, 1985–88-жылдарда Рыбачье шаардык элдик контроль комитетинин төрагасы, Кыргызстан КП Рыбачье шааркомунун 1-секретары, 1988–92-жылдарда Кыргызстан КП БКда партиялык-уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчынын биринчи орун басары, партия­нын Чүй обкомунун 2-секретары, 1992–93-жылдарда «Жанар» АКтын башкы директору, 1993–95-жылдарда Бишкек шаардык мамлекеттик администрация баш­чысы, 1995–96-жылдарда КРдин Мамкатчысы, 1996– 97-жылдарда КРдин Президентинин кеңешчиси, 1997– 98-жылдарда КР мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы – КР министри, 1998–99-жылдарда КРдин Премьер-ми­нистри болуп иштеген. СССР Жогорку Совети­нин (1990), КРдин Жогорку Кеңешинин (1990–99) 2 жолку депутаты. Бишкек шаарынын Эркин­дик бульварына эстелиги орнотулуп, бир кө­чөсүнө ысмы берилген.