ГРЕЙПФРУТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:15, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРЕЙПФРУ́Т (Citrus paradise) – цитрустар уруусундагы дайыма жашыл дарак. Айдалма түрү

гана белгилүү. Субтропикте өсүүчү жарыкчыл ж-а нымчыл өсүмдүк. Ири мөмөсүнүн салмагы 1 кгга жетет. Бир нече жүздөгөн жыл мурда Вест-Индияда помпельмус м-н апельсиндин табигый гибриди түрүндө пайда болушу мүмкүн. Мөмө дарагы катары негизинен АКШда, Японияда, Индияда, КМШ өлкөлөрүнөн Кавказдын Кара деӊиз жээгинде өстүрүлөт.