ИЕРОГЛИФ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:32, 1 Август (Баш оона) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЕРО́ГЛИФ (гр. hierjs – ыйык жана glyphe – оюлган нерсе, белги) – 1) кандайдыр бир нерсе­нин сүрөтү (мисалы: адам, айбанат, жаратылыш жана башка) түрүндөгү графема. Сөз муун жазууларын­да (мисалы: египет жазуусу, кытай жазуусу) көп кезигет; б. з. ч. 4-кылымда колдонулган египет жа­зуусунун образдуу сүрөт белгилери. Анын 5 миң­ге жакын түрү белгилүү. Бирок ар бир доордо андай иероглифтин 800дөйү гана колдонулган. Египет иероглифтеринин төмөнкүдөй түрлөрү бар: 1) египет ти­линин үнсүз тыбыштарын туюндуруучу бир айкалыш белгилер (30дай); 2) морфемалардын фонетикалык туюнтмасы катары алынган эки-үч ай­калыш белгилер; 3) бүтүндөй бир сөздү туюнду­руучу белгилер – идеограммалар; 4) сөз маани­лерин тактоочу, көмөкчү идеографиялык. белгилер – де­терминативдер. Иероглиф башка алфавиттик эмес жа­зуулардын белгилери жазмаларда да колдонулат (к. Кытай жазуусу, Япон жазуусу). Иероглиф деп адатта байыркы жана азыркы кытай жазуусу­нун, сүрөт түрүндөгү хетт жазуусунун бири сыяк­туу белгилери аталат.