ГРЕК ЖАЗУУСУ
ГРЕК ЖАЗУУСУ – финикия жазуусунун негизинде түзүлгөн грек алфавитинин жазуусу. Болжол м-н б. з. ч. 9–8-кылымдарда пайда болгон. Грек жазуусунун эӊ байыркы эстеликтерине Афиныдагы дипилон жазуусу ж-а Ферадагы жазуу (б. з. ч. 8–7-кылымдар) кирет. Кабыл алынган белгилери ж-а алардын типтери боюнча байыркы фригия алфавиттик

жазуусуна (б. з. ч. 8–7-кылымдар) жакын. Грек жазуусу үнсүз тыбыштарды гана белгилөөчү тамгалардын болгондугу м-н өзгөчөлөнөт (мисалы, семит жазуулары). Үндүү тыбыштарды белгилеген тамгалар да колдонулган. Жазуунун өнүгүшүнүн бул жаӊы этабы жалпы маданияттын өнүгүшүндө өзгөчө роль ойногон. Алфавиттик жазууга чейин гректер муун жазуусун колдонушкан (мисалы, крит жазуусу). Грек алфавиттик жазуусу эки бутакка: чыгыш ж-а батыш Грек жазуусуна бөлүнгөн. Чыгыш Грек жазуусу кийинчерээк классикалык грек, византия, гот, славян, кириллица, армян жазууларынын түзүлүшүнө, ал эми батыш Грек жазуусу этруск, латын ж-а байыркы герман рун жазууларынын түзүлүшүнө негиз болгон. Классикалык жалпы грек алфавити 27 тамгадан туруп, б. з. ч. 5–4-кылымдардагы Грек жазуусунун ион (милет) түрүнүн негизинде түзүлгөн. Солдон оӊго карай жазылат. Жаӊы грек алфавити 24 тамгадан турат.