ИЗОСТАЗИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОСТАЗИ́Я (изо... ж-а гр. stfsis – абал), и з о­с т а з и я л ы к т е ң д е ш т и к – жер кыртышында гидростатикалык тең салмактуу­лукту сактоо абалы; литосферанын астеносфе­рага карай теңдештик абалы. Астеносфера – кыртыш астындагы пластикалык субстрат, ошондуктан Архимед закону б-ча анда литос­фера калкып турат. Бирок жер кыртышынан төмөнкү тереңдиктеги (100 км) литосферанын басымы жер бетиндеги рельефтин ар кандай болушуна карабай, бардык жерде бирдей. Мын­дай абал жер кыртышынын калыңдыгы анын орт. тыгыздыгына тескери пропорция м-н өзгөрүшүн ж-а кыртыш таманынын рельефи

жер бетиндегиге окшош болгондугунун натый­жасында гана сакталат, б. а. оор салмактагы океан кыртышы тоо кыркаларынын астында мантияга салаалап (тоо тамырлары) кирип тур­ган жеңил материк кыртыштарына караганда жука (к. схема). Жер кыртышы жалпысынан бардык жерде толук И-лык теңдештик абалын­да болот, бирок тектон. кыймылдар болуп тур­ган аймактарда кээде анын сакт албаганы изилдөөлөрдөн байкалган. Алар и з о с т а­з и я л ы к а н о м а л и я деп аталат. И. бардык эле чакан аянтта боло албагандык­тан, адатта, ири аймактарда (туурасы 100– 200 км) гана сакталат. И. тик асманын кыйша­юусунан, жер кыртышынын калыңдыгын сейсм ыкмалар м-н өлчөө ж-а оордук күчүнүн анома­лиясын аныктоо жолдору аркылуу билинет. Балтика ж-а Канада калкандары акыркы муз каптоодон төмөн чөгүп, музу эрип жеңилдеген­ден кийин көтөрүлө баштаган (азыр жылына 11 ммге). Жер кыртышында И-лык күч тектон. кыймылдын таралышына тоскоолдук кылып, теңдештикти калыбына келтирип турат.


Ад.: Артемьев М. Е., Артюшков Е. В. Изостазия и тектоника // Геотектоника. 1967, ¹ 5; Артемьев М. Е. Изостазия // Земля и Вселенная. 1970, ¹ 3.