ИЗРАИЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 31 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗРА́ИЛЬ , И з р а и л ь М а м л е к е т и – (Мединат Исраэль) – Жакынкы Чыгыштагы мамлекет; Азиянын батыш бөлүгүндө, Жер Ор­толук деңиздин түш.-чыгыш жээгинде жайгаш­кан. Түндүгүнөн Ливан, түн.-чыгышынан Сирия, чыгышынан Иордания (чек арасынын бир бөлүгү Жансыз деңиздин акваториясы аркылуу өтөт), түш.-батышынан Египет м-н чектешет. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1947-жылдын 29- ноябрдагы Палестинаны бөлүү ж-дөгү чечими б-ча бөлүнгөн аянты 14 миң км2; ал эми 1948– 49-жылдардагы араб-израиль согушунда ба­сып алган жерлерди кошкондо 20,7 миң км2; 1967-ж. басып алган жерлер (Иордан д-нын ба-

тыш жээги, Чыгыш Иерусалим, Сирия Голан дөңсөөсү) м-н 21,6 миң км2 (Тивериад көлүнүн акваториясын ж-а Жансыз деңиздин аквато­риясынын бир бөлүгүн кошкондо 22,1 миң км2). Калкы 7,1 млн (2007). Өлкөнүн башкы экон. ж-а маданий борбору – Тель-Авив ш. БУУнун кар­шылыгына карабастан, 1950-ж. Иерусалим ш. өлкөнүн борбору деп жарыяланган. Өкмөт ме­кемелери, парламент шаардын батыш бөлүгүнө жайгаштырылган (калкы 400 миңден ашык, анын 250 миңдейи – еврейлер, 160 миңи – араб­дар. Расмий тили – иврит (байыркы еврей) ж-а араб тилдери. Акча бирдиги – шекель. Адм.- айм. жактан шарттуу 15 райондон турган 9 ок­ругга (мехоз; анын курамына И. басып алган жерлер – Иордан д-нын Батыш жээгинин бир бөлүгү ж-а Сириянын Голан дөңсөөсү да кам­тылган) бөлүнөт.

Округдары ж-а райондору (2006)

И. – БУУнун (1949), ЭВФтин (1954), Бүткүл

дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

. И. – унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы – парламенттик рес­публика. Атайын конституциясы жок, өлкөдөгү иш-чаралар көз каранды эместик декларация­сынын (1948) ж-а 11 негизги мыйзам актылары м-н жөнгө салынат. Мыйзам чыгаруучу жогор­ку органы – кнессет (4 жылга шайланган 120 депутаттан турган бир палаталуу парламент). Мамлекет башчысы кнессет тарабынан 7 жыл­дык мөөнөткө шайланган президент. Прези­денттин ыйгарым укуктары өкүлчүлүк мүнөздө (2000-жылдан М. Кацава). Аткаруу бийлиги өк­мөткө таандык. Аны премьер-министр башкарат (2006-жылдан Э. Ольмерт). 2006-ж. түзүлгөн коалициялык өкмөттүн курамына «Кадима», «Ли­куд», «Авода» партияларынын өкүлдөрү кирет. Саясий партиялары: «Авода» (Израиль эмгек партиясы), «Ликуд», «Кадима», «Сефарддар – Тораны сактоочулар», («Шас»), «Биздин үй – Из­раил», «МАФДАЛ» («Улуттук диний партия»), «Гиль», И. социал-демокр. солчул либералдык укук коргоо партиясы («Мерец») ж. б.

Табияты

. Жер Ортолук деңизди жээктей күрдүү топурактуу, дөбө-дөңсөөлүү кууш (жазылыгы 40 кмге чейин) түздүк жатып, ал чыгышта дүйнөдөгү эң терең – Гхор (Эль-Гор) тектон. ой­дуңуна тепкичтенип тик түшкөн (1000 м ж-а андан да терең), бир аз күдүрлүү платого (орт. бийикт. 500–1000 м, өлкөнүн эң бийик жери

Негев чөлү.

1208 м, Мерон чокусу ) өтөт. Платонун бети не­гизинен акиташ теги (мында карст процесси өөрчүгөн), кумдук, базальт тектеринен түзүлгөн.
Ойдуң аркылуу Иордан д. агат; анда ачуу туз­дуу Жансыз деңиз (деңиз деңг. 418 м төмөн) жай­гашкан. Жансыз деңиздеги таш туз, бромдуу калий, натрий туздарынан сырткары фосфорит,

Жансыз деңизге жакын жердеги тоолуу рельеф.



Эйлаттын айланасы.

кварцтуу кум, чопо, мрамор, жез, темир, чым көң, Негев чөлүндө нефть м-н газдын чакан кен­дери бар.
Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиз­дик; түндүгүндө салыштырмалуу нымдуу, түш­түгүндө ж-а ойдуңдарында жарым чөлдүү ж-а чөлдүү. Жайы ысык (июль, августта 24–28°С, Гхордо 36°Сге чейин), кышы жылуу (январда 6–15°С, Жансыз деңиздин түш.-батышында 18°Сге чейин). Абанын абс. макс. темп-расы 47°С (1998-ж. Иордан өрөөнүндө катталган). Кышкы минимум темп-ра түндүгүндөгү тоолордо 0°Сге чейин төмөндөйт. Жылына Жансыз деңиздин жээгинде, Гхор ойдуңунда, Негев чөлүндө 100– 200 мм, айрым жерлеринде 100 ммден аз, пла­толордо 600–800 мм, Жер Ортолук деңиз жээ­гиндеги түздүктөрдө 400–800 мм жаан-чачын (негизинен кышында) жаайт. И-дин аймагы агын сууларга жарды. Түн-чыгышында, Гхор ойдуңунда Иордан д-нын жогорку бөлүгү агат. Ойдуңда Жансыз деңизден сырткары тузсуз суу­нун өлкөдөгү эң ири булагы болгон Тивериади көлү (бети деңиз деңг. 209–213 м төмөн) жай­гашкан. Дарыяларынын көбү жайында соо­луп калат же агымы кескин азаят. Түштүгүндө (Негев чөлүндө) вадилер (кургак сайлар) кезде­шет. Булак, кудук суулары пайдаланылат; Эй­лат ш-нда деңиз суусун тузсуздандыруучу стан­ция иштейт. Пайдалануучу суунун 60%тен ашы­гы сугатка кетет.
Күрөң, тоонун бозомук-күрөң, боз, түштүгүнө чөлдүн боз-коңур топурактары мүнөздүү. Деңиз жээктериндеги түздүктөрдү негизинен айдоо жерлер (дан эгиндери, жашылча, бакча), цит­рус өсүмдүктөрүнүн плантациялары, жүзүмзар ж. б. ээлейт. Платолордо ж-а жапыз тоолордо субтропиктик сейрек токой (палестина эмени, мүйүз дарак, мисте, европа ак чечеги ж. б.), экин­чилик дарак-бадал өсүмдүктөрү (маквис, гарри­га) кездешет. Токой өлкөнүн аймагынын 6%ин ээлейт; анда отургузулган ийне жалбырактуу токой (алеппо, калабрия, итальян мырза кара­гайлары; кедр, кипарис), түштүгүндө эвкалипт ба-

Ашкелон аймагындагы пляж.

сымдуу. Түштүгүн Негев, Халуца чөлдөрү ж-а жарым чөлдөр (таштак чөлдөр, баялыш жамаат­таштыгы, галофит шалбаасы ж. б.) ээлейт. Кор­гоого алынган табигый аймактын аянты 397 миң га. Хайфа ш-нын чет-жакасында ири улуттук парк – Хар-Кармель биосфера резерваты жайгаш­кан. Неот-Кедумим коругунда библия мезгилине мүнөздүү өсүмдүктөр калыбына келтирилген.

Калкынын

76%тен ашыгын еврейлер, 20%тен ашыгын арабдар түзөт. Башка этностук ж-а эт­ноконфессиялык топтор – 3,7%, аларга – друз­дар, армяндар, адигелер («черкестер») ж. б. ки­рет. 21-к-дын башынан еврей калкынын кыс­каруу (2000–05-ж. 1,8 %ке), ал эми арабдардын көбөйүү (1,1%ке) тенденциясы байкалууда. И. мамлекет катары жарыялангандан 2007-ж.

чейин калкы 8,5 эседен ашык көбөйгөн. 1948– 2005-ж-да калктын көбөйүүсүндөгү табигый өсүүнүн үлүшү 60,7% мигранттардын үлүшү 39,3% болгон. 2005-ж. Россия ж-а КМШ өлкө­лөрүнөн келген еврейлер 1175,4 миңди (И-дин калкынын 17%тен ашыгы) түзгөн. Ошол эле учурда сыртка көчүп кеткен еврейлердин саны да арбын (1948–83-ж. И-ден 700 миңден ашуун еврей АКШга кеткен). Жыштыгы 1 км2 жерге 330дай адам. Курактык курамы: 15 жашка че­йинкилер – 21,1%, 14–65 жаштагылар – 64,15%,

Тель-Авив шаары.


Хайфа шаары. Порт комплекси.

65 жаштан өткөндөр – 9,75% (2007). Еврейлер иудаизм, арабдар ислам, армяндар христиан динин тутат. Шаар калкы 93,6% (2006). Ири шаарлары (2007): Тель-Авив (калкы агломера­циясы м-н 3,2 млн), Хайфа (1,2 млн), Иеруса­лим (1,3 млн), Ашдод (204,4 миң), Беэр-Шева (185,8 миң), Нетанья (174,0 миң), Ашкелон (107,9 миң).

Тарыхы

. Палестинаны араб ж-а еврей мамле­кеттерине бөлүү ж-дөгү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын резолюциясы жарыяланган­дан (1947-ж. 29-ноябрь) кийин Палестинада со­гуш аракеттери башталган. Эмигрант еврей жа­мааттарынын ишув аталган куралдуу бөлүктөрү араб мамлекетинин курамына кире турган жерлерге да өз көзөмөлүн орноткон. Палестина аймагынын бир бөлүгүндө 1948-ж. 14-майда И. мамлекетинин көз каранды эместигинин дек­ларациясы жарыяланган. Араб өлкөлөрү бул че­чимге каршы чыгып, И-ге каршы согуштук ара­кеттерди баштаган. 1948–49-ж. согуштун жүрү­шүндө И. БУУнун чечими м-н Араб мамлекети­не берилүүчү аймактын бөлүгүн ж-а Иерусалим­дин батышын кошуп алган. Палестинада араб мамлекетин түзүү ж-а Иерусалимге өзгөчө ста­тус берүү чечими үзгүлтүккө учураган. 1956-ж. И. Улуу Британия ж-а Франция м-н Египетке каршы агрессияга катышкан. Араб-израиль согушунун жыйынтыгында И. 1967-ж. июнь айында Иордан д-нын сол жээгин ж-а Чыгыш Иерусалимди, о. эле Голан дөңсөөсүн ж-а Си­най ж. а-н басып алган. 1982-ж. июнда И. аскер­лери Ливанга кирип, Бейруттагы Палестинаны бошотуу уюмунун куралдуу күчтөрүн ж-а штаб­квартирасын чыгарып жиберүүгө жетишкен. 20-к-дын 70-жылдарынын орто ченинде араб­израиль чыр-чатактарын тынчтык жолу м-н жөнгө салуу иштери жүргүзүлүп, 1977-ж. алгач­кы жолу израиль-араб мамилелеринин тары­хында Египеттин президенти А. Садат И-ге ке­лет. 1978-ж. АКШнын кийлигишүүсү м-н И. ж-а Египеттин ортосунда Кэмп-Девид макулдашуу­су түзүлүп, 1979-ж. алардын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлат. 1982-ж. И. Египетке Синай ж. а-н кайтарып берген.

Файл:ИЗРАИЛЬ77.png

1992-ж. башында И. Рабин турган И. «Эмгек партиясынын» («Авода») бийликке келиши

Рамалла шаарынын чет жакасында Палестина жаш­тарынын демонстрациясын Израиль аскерлеринин кууп таратышы.

м-н Ж. Чыгыштагы тынчтык процесси бир топ жөнгө салынган. 1993-ж. Вашингтонгдо Израил­дик-палестиналык декларацияга, 1994-ж. Газа ж-а Иерохон б-ча макулдашууга кол коюлган. 1994-ж. И. м-н Иорданиянын ортосунда тынч­тык келишими түзүлгөн. Сирия ж-а Ливан сүй­лөшүүлөрү да бир кыйла ийгиликтүү жүргүзүлөт. Бирок, 1995-ж. премьер-министр И. Рабиндин өлтүрүлүшүнөн кийин, бийликке Б. Нетаньяху­нун келиши м-н тынчтык процесси кайрадан кризиске учурайт. И. палестиналыктар кели­шимдин шарттарын аткарбай жатат деген кине коюп, сүйлөшүүлөрдү токтотот. 1999-ж. Эмгек партиясынын лидери Э. Барак­тын бийликке келиши м-н тынчтык сүйлөшүү­лөр кайрадан жанданган. 2000-ж. И. Түш. Ли­вандан аскерлерин чыгарып кеткен. Бирок бул иш-чаралар аймактагы абалды турукташтыра алган жок. Ошол эле жылы Э. Барак отставка­га кетерин жарыялайт. И. м-н Палестинанын ортосунда чыр-чатак күч алып, палестиналык экстремисттердин аракеттери күч алат. Аларга каршы израилдиктер катуу чараларды көрүп, натыйжада көп адам курман болот.
И-дин премьер-министри А. Шарон м-н Я. Арафаттын ордуна бийликке келген М. Аб­бас согушту токтотуу ж-а аймактагы абалды турукташтырууга багытталган келишимге (2005) кол коюшкан. И. үчүн АКШ м-н бир ка­тар макулдашуулар ж-а меморандумдар м-н бе­кемделген «стратегиялык союз» түзүшү маанилүү ролду ойнойт. И. АКШдан жыл сайын 3 млрд долларга жакын жардам алып турат, анын ири бөлүгү аскердик керектөөлөргө жумшалат. Мын­дан тышкары, И. Европа өлкөлөрү, о. эле Түр­кия, Индия, Кытай, Россия, араб-мусулман өлкөлөрүнөн – Египет, Иордания ж-а Маврита­ния м-н кызматташтыгы өнүгүүдө.

Экономикасы

. И. өнүккөн индустриялуу-аграр­дык өлкө. ИДПси 2006-ж. 170,3 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бөлүштүргөндө 26,8 миң доллардан туура келет. И. дүйнөдө алдың­кы технологиясы, компьютердик программалар­ды түзүү, байланыш системасы, агр. индустрия­сы, алмазга кыр чыгаруу б-ча алдыңкы орун­дардын бирин ээлейт. О. эле метталл иштетүү, машина куруу (авиа ж-а кеме куруу кошо, а. и. аскердик), электр-техника, химия ө. ж. тармак­тары, а. ч. өнүккөн. Өлкөдө өнүккөн ил.-тех. комплекс түзүлгөн; экономикада иштеген 10 миң адамдын 135и илимпоз ж-а инженер (бул көрсөткүч АКШда 70, Германияда 50). И. тех­нол. даярдыгынын көрсөткүчү б-ча дүйнөдө (Швеция, Сингапурдан кийин) 3-, чыгармачыл потенциалынын эконом. индексинин мааниси б-ча (АКШ, Финландия, Сингапурдан кийин) 4-орунду ээлейт. ИДПнин 75%и тейлөө чөйрө­сүнө, 23%и ө. ж-на ж-а курулушка, 2%и айыл ж-а токой чарбаларына, балык уулоого таан­дык. И-дин экономикасында коргоо ө. ж. ком­плексинин мааниси зор; анда 60 миңге жакын адам иштейт, өлкөнүн товардык экспорт баа­сынын 20%тен ашыгын аскердик курал түзөт.
Өлкөнүн ИДПсинде ө. ж-нын үлүшү 18%ти түзөт. Азыркы ө. ж-нын негизин илим сыйым­дуу машина куруу (авиаракета, электрондук ж-а электр-тех., оптикалык аспаптар өндүрүшү ж. б.) ж-а химия (так химия, фармацевтика ж. б.) ө. ж. тармактары түзөт. Башка тармак­тарынын ичинен энергетика, тоо-кен, алмазга кыр чыгаруу, тамак-аш, жеңил ө. ж. өзгөчө­лөнөт. И-дин отун-энергетикалык ресурстарга болгон муктаждыгынын 90%тен ашыгын им­порт түзөт. 2005-ж. импорттолгон 13 млн т нефть ж-а нефть продуктуларынын 11 млн т сы чийки нефть. Таш көмүргө болгон муктажды­гын (13,8 млн т) импорт толук камсыз кылат, аны негизинен ТАР, Колумбия, АКШ, Австра­лиядан сатып алат. Газ Жер Ортолук деңизден өндүрүлөт (2005-ж. 1655 млн м3). Димондогу Атом ил.-из. борборунда ядролук реакторго эк­сперимент жүргүзүлөт. Энергиянын альтернати­валык булактарын, айрыкча күн энергиясын пайдаланууга аракет жасалууда (энергетиканын 2%ин түзмөкчү). И-деги турак жайлардын көбү күн бойлери м-н жарык кылынат. Негев чөлүндө Күн энергиясын ө. ж-лык пайдалануу үчүн ата­йын курулмалар иштейт. Бир нече эксперимент­тик толкун электр станциясы шамал энергия­сы курулмасы бар. 2005-ж. 48,4 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Металлургия ө. ж. ишканалары Италия, Түркия, Россия, Украи­надан алган сырьёнун негизинде иштейт. Бо­лот, тазаланган (рафинацияланган) коргошун ж-а жез эритүү ишканалары бар. Металл констр. өндүрүшү коргоо ө. ж. комплексине ж-а куру­луш индустриясына багытталган. Жалпы ж-а транспорттук машина куруу ө. ж. согуш курал­дарын ж-а аскер техникаларын (танк, чабуул коюу үчүн курал, сооттолгон бульдозер, артил­лерия ж-а атылма куралдар, а. и. «Узи» авто­маты, «Галил» мылтыгы ж. б.), токардык ста­нок, кран, бетон аралаштыргыч, экскаватор, газ турбинасын ж-а компрессорун, түрдүү тетик­терди ж. б. чыгарат; автобус ж-а жүк автома­шиналарын жыйноочу, аскер жип автомаши­наларын даярдоочу ишканалары бар. Авиара­кета ө. ж. – коргоо ө. ж. комплексинин маа­нилүү тармактарынын бири (учкучсуз учуучу ап­парат, оперативдүү-тактикалык ж-а тактикалык ракеталар); кеме куруу, а. и. аскер кемелерин куруу (башкарылма ракета куралы бар корвет, ракеталуу ж-а патруль катерлерди ж. б. чыга­руу) өнүккөн. Электрондук ж-а электр-тех. ө. ж. илимди көп талап кылган ж-а адистештирил­ген тармак болуп саналат. Бул тармактын иш­каналары аскер ишине пайдаланылуучу элект­рондук, электрондук коопсуздук ж-а сапатты көзөмөлдөө системаларын даярдоого адистеш­кен. Оптикалык приборлор (а. и. электрондук оптика, лазердик техника) өнүгүүдө. И. – була­оптикалык байланыш линиясын, басма плата­сынын сапатын көзөмөлдөөчү электр-оптика сис­темасын, түнкү көрсөтүүчү приборлорду, робот­тоштурулган өндүрүштүк линияларды чыгаруу б-ча дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Мед. лазердик техника, радиол. диагностикалык жаб­дууларды, оптикалык электроника приборлорун чыгаруу тез темп м-н өнүгүүдө. Сырткы рынок­ко компьютердик томогр. сканерлер, магнит­резонанстык графикалык система, ультраүн ска­нерлери, мед. ядролук камера ж. б. чыгарылат. Химия ж-а нефть ажыратуу ө. ж. – өлкөдөгү ири тармак. Анын негизги продукциясы: күйүү­чү-майлоочу материалдар, поташ, бром, металл түрүндөгү магний, каустикалык сода, кайнатма туз, минералдык жер семирткич, жасалма тоют, пластмасса, дары-дармек ж. б. Химия ө. ж-нын маанилүү борборлору: Хайфа, Беэр-Шева ж. б. Алмазга кыр чыгаруу өлкөнүн экономикасын­да маанилүү орунду ээлейт. 21-к-дын башында дүйнөлүк рынокко чыккан жылмаланган чакан таштардын, негизинен бриллианттын 80%ке жакыны И-ге таандык. Тамак-аш ө. ж-нын не­гизин мөмө-жемиш ж-а жашылча иштетүүчү, о. эле эт, сүт продукцияларын чыгаруучу ишка­налар түзөт. Жеңил ө. ж-нын дүйнөлүк рынок­ко ийрилген жип, кездеме, булгаарынын орду­на жогорку сапаттагы модалуу тигилүү ж-а бул­гаары кийимдерди чыгарат; о. эле аскер кийим­дерин тигет.
А. ч-нда 455 миң гадан ашык жери иштети­лет, анын 50%и сугат жер. Негизинен жаңы технологияны ж-а агротехниканы ургаалдуу пайдалануудан агрардык продукциянын өлчөмү 8 эседен ашкан. И-де 20-к-дын 80-жылдарынын орто ченинде а. ч. өсүмдүктөрүн ж-а мөмө да­рактарын тамчылатып сугаруу технологиясы иштелип чыккан. Кышында плёнка жаап жа­шылча өстүрүүнүн натыйжасында жылына эки жолу түшүм алынат. Ошондуктан И-дин ар бир фермери 52 адамды бага алат. Эң маанилүү а.ч. өсүмдүктөрү: пахта, жер жаңгак, күн карама, буудай. Мөмө дарактарынын эң көбүн алма, киви, манго, авокадо, банан, шабдаалы, курма

Түндүк округунда дан эгин жыйноо.

пальмасы, алмурут, өрүк, жүзүм, жаңгак-пекан, бадам түзөт. Негизги жашылча өсүмдүктөрү: картошка, помидор, бадыраң, калемпир, пияз. Цитрус өсүмдүктөрү (апельсин, грейпфрут, ли­мон), чеге гүл, атыр гүл, гладиолус өстүрүлөт. Бодо мал, кой ж-а эчки, о. эле үй куштары асы­ралат. Сүт саап алуу б-ча дүйнөдө (Нидерланд м-н кошо) алдыңкы орунда (жылына бир уй­дан 11 миң кгга чейин сүт саап алынган). Жер Ортолук деңизден балык (сардина ж. б.) карма­лып, көлмөлөрдө аны көбөйтөт. 2001–03-ж. И. экономикасы Палестина м-н ку­ралдуу тирешүүгө, о. эле жогорку технология рыногундагы жагымсыз конъюнктурага байла­ныштуу кризиске дуушарланган. Экон. кризис­тен чыгаруу программасынын натыйжасында 2003-жылдын аягынан өлкөнүн чарбалык сек­торунда жандануу байкалган. Өнүгүү темпи б-ча И. батыш өлкөлөрүнүн ичинен АКШдан кийинки 2-орунга чыккан. Азык-түлүккө бол­гон муктаждыгынын 90%тен ашыгын өзү кам­сыз кылат. А. ч-га жарактуу жери 297 миң га (2004; өлкөнүн аянтынын 14,3%и), анын 222 миң гасы айдоо жер, 71 миң гасы цитрус өсүм­дүктөрүнүн, мөмө-жемиш бактарынын, гүл план­тациялары, жүзүмзар ж. б. Сугат жери 194 миң га (2003); 1980-жылдардын ортосунан сууну үнөмдөп (тамчылатып) сугаруу технологиясы кеңири пайдаланылууда. Мал чарбасынын не­гизги тармактары: куш, сүт ж-а эт багытында­гы мал асыроо. 2006-ж. ар бир уйдан орто эсеп м-н 10,5 т сүт саап алынган.
Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын ири сектору. А. и. финансылык тейлөө (банк­кредиттик система), камсыздандыруу бизнеси, ишкердик ж-а адистик жактан тейлөө (марке­тинг, лизинг, инж.-консультациялык, башка­руу жаатында ж-а компьютердик кызмат көр­сөтүү), кыймылсыз мүлк м-н операция жасоо,

Эйлат шаарынын жээк жактан көрүнүшү.
Израил акчасы.

мамл. тейлөө тез темп м-н өнүгүүдө; тейлөө чөйрөсүндө чет элдик туризмден түшкөн кире­ше маанилүү орунда. Рекреациялык жактан тейлөө ж-а туризм секторунда ИДПнин 3%ке жакыны түзүлөт. Чет элдик туризмден түшкөн киреше 2,8 млрд долларды түзөт. 2005-ж. өлкөгө 1,9 млн чет элдик турист келген. Туризмдин башкы борборлору: Иерусалим, Вифлеем, Наза­рет, Хайфа, Тель-Авив, Эйлат, Жансыз деңиз­дин жээги.
И-де социалдык камсыздандыруунун ж-а са­ламаттыкты сактоонун өнүккөн системасы түзүлгөн.Калктынжашоодеңгээли(керектөөнү киши башына бөлүштүргөндө) 2004-ж. мурдагы эки жылга салыштырмалуу 3,5%ке өскөн. Орт. айлык акы 1539 долларды түзгөн. Балдардын өлүмү башка өлкөлөргө салыштырмалуу кый­ла төмөн (жаңы төрөлгөн 1000 балага 5,4 бала). Адам өмүрүнүн орт. узактыгы: аялдардыкы 80,9, эркектердики 76,7 жаш.
Автомобиль жолунун уз. 17,6 миң км (2005). Магистралдык шоссе жолдору деңиз бойлой түндүктөн түштүктү карай созулат; маанилүү автомагистралдары: Иерусалим – Тель-Авив, Ашдод – Ришон-Ле-Цион – Тель-Авив – Нета­нья – Хайфа. Т. ж. тармагы (жалпы уз. 853 км; 2005) Негев, Газа ж-а Иерусалимди Тель-Авив, Хайфа ж-а өлкөнүн түндүгү м-н байланышты­рат. Негизги деңиз порттору: Хайфа, Ашдод, Эйлат, Хадера. Ашкелон. Деңиз паромдору ар­кылуу эл аралык катнашы да бар, алар: Хай­фа – Родос – Пирей (Грекия), Хайфа – Лимасол (Кипр). Эл аралык аэропорттору: Бен-Гурион атн. (Лода), Овда (Эйлат); Тель-Авив м-н Иеру­салимдеги чакан аэропорттор ички рейстерди тейлейт. Магистралдык куур транспортунун уз. 896 км (2006), анын 442 кми нефть, 261 кми нефть продуктусу ж-а 193 кми газ куурлары. 2005-ж. экспорт 42,9 млрд, импорт 47,8 млрд долларды түзгөн. Экспортко бриллиант, реэкс­портко иштетилбеген алмаз, химия ө. ж-нын продукциялары, электрондук ж-а электр-тех. жабдуулар, көзөмөлдөө ж-а байкоо жүргүзүү ө. ж. жабдуулары, мед. ж-а ил. из. жабдуула­ры, башка машиналар ж-а жабдуулар, о. эле а. ч. продукциялары, кийим, текстиль буюмда­ры чыгарылат. И. аскер куралдарын экспорт­тоо б-ча дүйнөдө 5-орунда (андан жылына 2,8 млрд доллар киреше түшөт). Импортун кыр чы­гарылбаган алмаз, нефть продуктулары, хим. товарлар, күйүүчү-майлоочу материалдар, маши­на, жабдуу, аспаптар, курал-жабдыктар, буу­дай ж. б. түзөт. Негизги соода шериктери: АКШ, Бельгия, Германия, Улуу Британия, Гонконг (Сянган), Швейцария, Кытай.

Маданияты

Билим берүү еврей коомчулугун­да маанилүү орунду ээлеп келген. Калктын са­баттуулук деңгээли боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Израиль мамлекети ка­был алган алгачкы мыйзамдарында эле 6–13 жаштагы бардык балдарга акысыз билим берүү жөнүндө жарыяланган. Негизинен 5–6 жаштагы балдар үчүн бала бакчалар акысыз. Билим берүү системасында мамлекеттик, мамллекеттик-диний жана диний мектептер бар жана балдардын 80%и мектепке чейинки мекемелерге барат (2004). Мамлекеттик-диний мектептерде иудаизмди окутууга жана еврей салт­тарын сактоого айрыкча көңүл бурулат. Мамлекеттик мектептерде кыздар жана балдар чогуу билим алса, диний мектептерде бөлөк окушат. Араб тарыхын жана маданиятын окутууга көп көңүл бу­рулган. Израилде эл аралык кадыр-барктуу жогорку окуу жайлар бар. Мисалы, Иерусалимдеги Еврей университети (1925-жылы негизделген), Технион технологиялык институту (1924), Тель-Авив университети (1956-жылы 3 институттун базасында уюштурулган). Вейцман атындагы химия, математика, физика жана табигый илимдер илимий- изилдөө борбору Реховото штатында 1949-жылы негиздел­ген. 2006-жылы 20 жогорку окуу жайда 75 миң студент окуган. Израилде 500дөн ашык китепкана бар.
Израильде 150гө жакын музей бар, эң ириси Иеру­салимдеги Израиль музейи (1965-жылы негизделген), бел­гилүүлөрү: Тель-Авив көркөм сүрөт музейи (1932), Хайф антикалык искусство музейи (1949) жана башкалар. Иврит тилиндеги алгачкы мезгилдүү ба­сылмалар 1863-жылы Иерусалимде чыккан, 1869-жылдан Иерусалимде басма сөз үзгүлтүксүз чы­гып турган. 2006-жылы Израилде 40ка жакын күнүгө жана 1000ден ашык апта жана ай сайын чыгуучу гезит-журналдар болгон. «Гаарец» (иврит, анг­лис тилдеринде, 75–95 миң нуска), «Едиот ах­ронот» (1939-жылдан иврит, англис тилдерин­де, 300–750 миң нуска), «Джерузалем пост» (ан­глис тилинде, 25–90 миң нуска) жана башкалар. Радио уктуруусу 1936-жылдан, телекөрсөтүү 1965-жыл­дан иштейт. Бир нече мамлекеттик жана коммерция­лык телекөрсөтүү жана радио каналдар иштейт. Израиль интернет-байланыш кызматы боюнча дүйнөдө 7-орунда турат.
Алгачкы иммигрант еврейлер өздөрү жаша­ган өлкөлөрдүн маданиятынын элементтерин ала келген. Ошондуктан Израилде Борбордук жана Чыгыш Европанын маданий салттары, кийинчерээк ба­тыш жана америкалык маданияттын таасири байкалат. Израиль адабияты негизинен иврит тилинде өнүгүүдө. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү Нобель сыйлыгынын лауреаты Ш. Агнон (1888–1970), А. Бараша (1889–1957) жана акындар А. Шлёнский (1900–1973), Л. Гольд­берг (1911–1970) жана башкалар. 1980-жылдарда айрыкча А. Б. Иехошуанын «Мырза Мани» (1990) рома­ны, А. Оздун өлкөдөгү ар кыл маданий-этнос­тук топтордун ичиндеги карама-каршылыктар­ды чагылдырган «Кара ящик» (1987) романы белгилүү болгон. Коомдогу диний маселелер Х. Беер, Х. Бат-Шахар, Х. Эстердин чыгарма­ларында, араб кыштагынын турмушу иврит ти­линде араб христиан акыны А. Шаммастын

«Арабески» романында чагылдырылган.
Израилде араб (Э. Хабиби), идиш (Т. Фейзельбаум, В. Чернин) жана орус тилиндериндеги ( И. Губер­ман, Д. Рубина, А. Горенко жана башкалар) адабият өнүгүүдө.
Өлкөнүн аймагында ар кыл мезгилдерге таандык архитектура жана искусство эстеликтери сакта­лып калган. Алсак, Галилеядагы жертөлөлөр (биздин заманга чейинки 10–8-миң жылдыктар), эрте неолит доо­рунун таш курулуштары, Бейсандагы энеолит­тик шаар калдыктары, Израиль жана Иудей падышалыктарынын мезгилине, Ашкелон, Бей­сан, Иерусалим, Кесариядагы Рим дооруна мүнөздүү эстеликтер (биздин заманга чейинки I кылым – биздин заманга чейинки IV кылым).

Байыркы Бет-Шеан шаарынын археологиялык казуулары болжол менен 5000 жыл жашаган.

Ошондой эле, байыркы синагогалардын калдыктары, эрте христиан жана византия мезгилине таан­дык – Вифлеемдеги Рождество храмы, Иеруса­лимдеги Кудайдын табыты храмы ошондой эле, Бет- Альфа, Табгадагы эстеликтер белгилүү. Араб­дар басып алган мезгилге таандык Хирбет аль- Мафджар ак сарайы (VIII кылым), кресттүүлөр доорун­дагы (XI–XIII кылымдар) эстеликтер жана башкалар сакталып кал­ган. XIX кылымдын аяк ченинде эммиграциянын күчөшү менен Европа жана Америка өлкөлөрүнүн таасири архитектура, маданият жаатында таасын байка­лат. Тель-Авив шаары (1909-жылы негизделген) шот­ландиялык архитектор П. Геддестин планы менен курул­ган. XX кылымдагы христиан храмдары италян архитектору А. Барлуцци (Фавор тоосундагы Преображения храмы), германиялык Ж. Муцио (Назареттеги чиркөө) жана башка архитекторлор тарабынан тургузулган.

Храм тоосундагы К у б б а т - а с - С а х р а (Аска кумпасы) ме­чити. VII кылым. Иеруса­лим.

XX кылымдын 2-жарымында Тель-Авивде Ф. Манн­дын Концерттик залы (З. жана Я. Рехтер, Д. Кар­ми, М. Зархи), «Бейлинсон госпиталы (А. Ша­рон, Б. Идельсон), 36 кабаттуу «Шалом» соода имараты (И. Яшар, Эйтан) жана башкалар курулган. 1950-жылы композиторлор мектеби жана аткаруу чеберчи­лиги өнүгө баштаган. 1948-жылы Израиль филармония­сы ачылып, ага караштуу камералык «Рамат- Ган» оркестри, Хайфа симфониялык оркестри, улуттук опера театры, 1950-жылы «Инбал» музыкалык театры уюш­турулат. 1958-жылдан Тель-Авивде Израиль улуттук театры иштейт. Израилдин биринчи толук метраж­дуу көркөм тасмасы («Убактылуу элдешүү», режиссёру А. Амар) 1950-жылы тартылган. Тел-Авивде эки, Иерусалимде бир киностудия иштейт.



Ад.: Государство Израиль. Справочник. М., 1986; Федорченко А. В. Израиль: проблемы экономического развития. М., 1990: Симановский С. И., Стрепетова М. П. Израиль. М., 1995; Зарецкая З. Феномон из­раильского театра. Иерусалим, 1997; Федорченко А. В. Экономика переселенческого обшества (израильская модель). М., 1998; Крюков А. А. Израиль сегодня. Страноведческий словарь-справочник. М., 2000; Краткая еврейская энциклопедия В. 10 т. Иерусалим; М., 1996–2001; Звягельская И. Д., Карасова Т. А., Федорченко А. В. Государство Израиль. М., 2005, Израиль // Большая Российская энциклопедия. Т. 10. М., 2008.


Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.