ИЛЕ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛЕ – Кытай м-н Казакстандын аймактары аркылуу аккан дарыя. Чыгыш Теңир-Тоодогу Текес ж-а Күнөс д-нын кошулушунан түзүлөт. Уз. 1001 км (Текестин башатынан 1439 км), ала­бынын аянты 140 миң км2. Жогорку бөлүгү – тоо дарыясы; Каш д-нын чатынан төмөн өрөөн кеңейип, салааларга бөлүнөт. Капчыгайдан өт­көндөн кийин Балкаш түздүгү аркылуу агып, Балкашка куярда дельтаны (аянты 9 миң км2) пайда кылат. Суусунун орт. чыгымы чатында 329 м3/сек, 270 км жогору – 479 м3/сек. Декабр­дан апрелге чейин тоңот. Куймалары – Каш, Харгос (оң), Чарык, Челек, Талгар, Каскелең, Курты (сол). Кытайда Кулжа ш-нан тартып, Казакстанда – мамл. чек арадан Баканас при­станына чейин кеме жүрөт. И-ге Капчыгай ГЭСи ж-а суу сактагычы курулган. Сугатка пайдала­нылат.