ИЛЬМЕНЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́ЛЬМЕНЬ (жыл баянда – Ильмер, байыркы славяндарча – Словен деңизи) – Новгород обл-н­дагы көл, Ильмень ойдуңунда жайгашкан. Орт. аянты 982 км2 (суусунун деңгээлине жараша 733 км2ден 2090 км2ге чейин өзгөрүп турат). Уз. 45 кмдей, туурасы 35 кмге, тереңдиги 10 мге чейин. Жээги саздуу. 50дөй дарыя (Мста, Пола, Ловать, Шелонь ж. б.) куят. Волхов д. агып


чыгат. Деңгээли 2,3 мден (мартта) 5,8 мге чейин (майда) өзгөрөт. Октябрда тоңуп, апрелде муз­дан арылат. Балык кармалат. Мста д., Илмень каналы ж-а Волхов д. аркылуу Вышний Воло­чёк системасы м-н туташат. И-ден 6 км ара­лыкта Волхов д-нын жээгинде Новгород ш. жай­гашкан. 9–12-к-да И. аркылуу «варягдардан гректерге» соода суу жолу өткөн.