ИМИТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМИТА́ЦИЯ (лат. imitatio – тууроо, элик­төө) – 1) кандайдыр бир нерсени окшоштуруп тууроо, кайталоо; 2) м у з ы к а д а – көп үндүү муз. чыгармаларда бир үн м-н аткарылган ыр­гакты башка үн м-н куду өзүндөй кылып же өзгөртүп кайталоо. Андан бир нече үн кезекте­шип же чогуу чыгып, полифониялык ыргакты түзөт. Дайыма кайталанган И. к а н о н деп аталат.