ИММИГРАНТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИММИГРА́НТ (лат. immigrans – көчүп келүү) – башка бир өлкөгө туруктуу же узак мөөнөткө келип жашап калган чет элдик жаран. И. сая­сий, экон., диний, о. эле ар кандай себептер м-н куугунтукталып, четтен туруктуу жашоо­го башбаанек издегендер ж. б. өз өлкөсүнөн кетүүгө мажбур болот. И-тар көптөгөн мамле­кеттердин калыптанышына зор роль ойногон. Элдердин улуу көчүү доору (4–7-к.), Араб хали­фатынын түзүлүшү (7–8-к.), Чыңгыз хандын им­периясынын күч алышы (11–17-к.), Улуу геогр. ачылыштар (15–17-к-дын ортосу) ж. б. окуялар дүйнө картасын түп-тамырынан өзгөрттү. 2-дүй­нөлүк согуштан кийин Азиядан ж-а Түш. Аф­рикадан көптөгөн И. Батыш Европа, Америка өлкөлөрүнө көчүп келишти. Учурда Тажикстан, Пакистан ж. б. өлкөлөрдө болгон согушка бай­ланыштуу качып келген И-тар Кырг-нда да жа­шоо кечирүүдө.