ИММИГРАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИММИГРА́ЦИЯ (лат. immigro – көчүп кирем) – башка өлкөнүн жараны туруктуу же убакты­луу (адатта, «узакка») жашоо үчүн башка бир өлкөгө көчүп келиши. И. негизинен саясий, экон., диний ж. б. мүнөздөгү себептерден пайда болуп, легалдуу ж-а легалдуу эмес И. болуп бөлүнөт. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында легалдуу И. басымдуулук кылса, учурда легал­дуу эмес И. кескин өстү. Алардын көпчүлүгү – эмгек иммигранттары. Иммигранттардын дагы бир өзгөчө тобун качкындар түзөт. Демокр. мам­лекеттер өз аймагына белгилүү шарттарга ыла­йык башка өлкөлөрдүн жарандарынын (имми­гранттардын) көчүп келип, туруктуу же убак­тылуу жашап калуусуна же иммигранттарды өлкөдөн көчүрүп айдап жиберүүгө тыюу салуу укуктарына ээ. Дүйнөнүн иммигранттар баруу­чу көпчүлүк өлкөлөрүндө атайын иммиграция­лык квоталар орнотулган. Ушул квоталардын чегинде чет өлкөлүк жарандардын ар жылдык келип туруусу жөнгө салынып турат. И-нын тарыхы калктын эл өтө жыш жайгашкан ай­мактан сейрек отурукташкан чөлкөмдөргө оош­кону ж-дө мол материал берет. И. АКШ, Кана­да, Австралия, Жаңы Зеландия, ТАР, Израиль, Аргентина ж. б. өлкөлөргө иммигранттардын көп келип жайгашышы м-н ошол аймактын экон. өнүгүүсүндө чечүүчү ролду ойногон.